Өкмөт башчы товарларды мыйзамсыз ташууга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкө аймагына мыйзамсыз ташуу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, салык төлөөдөн баш тартууга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды.

"Салыктык түшүүлөрдүн көлөмүнүн азаюусу – бул жылдар бою топтолгон салыктык башкаруу маселелеринин жыйындысы, тиешелүү бөлүмдөр мыйзамдарды жакшыртып, кыйла активдүү иштерди жүргүзүп жана салык процедураларын электрондук фискалдаштыруу тутумун киргизүү чараларын күчөтүүгө тийиш. Бардык тартылган мамлекеттик органдардын бул багыттагы ыкчам ишин күчөтүү керек. Бүгүнкү күндө ал канааттандырарлык эмес жана зор көңүл бурууну талап кылат", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул жааттагы иштерди бардык тескөөчү жетекчилерге жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
JENTLEMAN
2019-08-03 14:41:15
Безтолк тапшырма, эки өлкөнүн безтолк жолугушуулары, безтолк кол коюулары, жер жерлерди кыдырып, "Акча бөлүнөт, бүтүрүп беребиз" деген берген безтолк убадалары, короче безтолк бийлик, безтолк Чимкириктер ак үй көк үйдө жүрүшөт чогулушуп ызылдашып, колдорунан п.к келбей жештен башка.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан