Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы төрага Алтынбек Торутаевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, жаңы жетекчиге ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.
"Сиз бажы кызматынын иш өзгөчөлүгүн жакшы билесиз жана мен оңдуу натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракетиңизди жумшайсыз деп ишенем. Премьер-министр катары сизге ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү берем. Бардык посттордо, ар бир иш тилкесинде тартипти камсыздоого тийишсиз. Бажы ишин максималдуу түрдө ачык кылуу үчүн бардык процесстердин ачык-айкындыгын камсыздоо маселесине басым коюшуңуз керек. Көйгөйлөр топтолгон жерлерде активдүү иштерди жүргүзүү маанилүү болуп саналат. Өлкө экономикасы үчүн өз ишинин маанилүүлүгүн түшүнүүгө умтулган, чынчыл жана компетенттүү кызматкерлерди колдоо керек", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.