3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Жоңжи майниң" ("Zhong Ji Mining") кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Мындан улам эки жаран жабыркап, облустук ооруканага жаткырылган. Компаниянын бир канча өкүлү Нарын РИИБине сурак берүүдө.
Бул чырдан улам 4-августта Нарындын 30га жакын малчысы чогулуп, пикир келишпестикке кытай компаниясынын өкүлдөрү күнөөлүү экенин айтышкан.
Кечээ, 5-августта чыр уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышты.
Тургундар менен кытайлык жумушчулар бири-бирине карата таш ыргытышып, компаниянын кызматкерлерин сабап салышкан. Таш жеңил унаалар менен техникаларга да тийген.
Тургундар компаниянын айрым жүк ташуучу автоунааларынын терезесин сындырып, тоодон ылдый айдап түшкөн. Алар талаптары аткарылмайынча кетпей турганын билдирип, боз үй тигип, Солтон-Сарыда түнөштү. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн ал жерге биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов барат.
Маалымат үчүн: Солтон-Сары алтын кени Бишкек шаарынан 355 чакырым алыстыкта жана деңиз деңгээлинен 3 миң 500 метр бийиктикте жайгашкан. Аталган алтын кени Бучук, Ак-Таш жана Алтын-Төр деген 3 участоктон турат. Кенде 20 тоннанын тегерегинде алтындын запасы бар.
"Zhong Ji Mining" кытай компаниясы алтын кенинде 2009-жылдан баштап чалгынчылык иштерин жүргүзүп, 2013-жылы 2033-жылдын апрель айына чейин кендин бардык 3 тилкесин иштетүүгө лицензия алган.