Таласта токко урунган электриктин окуясы. Башкы инженер кызматынан убактылуу четтетилди

Токко урунган электрикТалас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылында 34 жаштагы электрик иш учурунда токко урунган. Анын кырсыкка кабылышына жакындары райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженерин күнөөлөшкөн. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Ал эми башкы инженер тергөө аягына чыкканга чейин кызматынан убактылуу четтетилгенин райондук электр тармактар ишканасынын кызматкери билдирди.

"Башкы инженер Кемелбек Зайытканов окуя болгондон кийин кызматынан четтетилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Экспертизанын негизинде юридикалык баа берилет", - деди кызматкер.

Кечээ, 5-августта жергиликтүү тургундар башкы инженерге болгон нааразычылыктарын айтып, митингге чыгышкан. Алар менен Манас районунун акими, прокурор жана райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси жолугушкан.

Таласта электрик токко урунуп, оор абалда ооруканага түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан