Президент Алмазбек Атамбаев “Лотереялар жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, аны Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Мыйзам колдонуудагы мыйзамдын бир катар жоболорун тактоого жана карама-каршылыгын четтетүүгө, ошондой эле коррупциогендүү ченемдерди жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга так критерийлерди жетекчиликке албай туруп, өз алдынча чечим чыгарууга укук берген жоболордун кош маанилүү чечмеленүүсүн тактоого багытталган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.