Солтон-Сарыда миңге чукул эл чогулду. Алар өкмөт өкүлдөрүнө талаптарын койду

Бүгүн, 6-августта саат 17:00гө карата Солтон-Сары кенинде 700-800дөй адам чогулду. Алар кен казган кытай компаниясынын кызматкерлеринин чыгып кетүүсүн талап кылып жатканын жеринде жүргөн кабарчыбыз билдирди.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, алардын талабын укту.

Эл өкмөт өкүлдөрүнө эки талап койду. Алар:

1. Алтын кенин иштеткен "Жоңжи майниң" ("Zhong Ji Mining") кытай компаниясынан лицензияны алуу;

2. Азыркы Нарын районунун акимин, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматтан алуу.

Эл бул талаптардын жообун күтүп жатышат. Эгер коюлган талаптар бүгүн аткарылбаса Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабарын айтышты. Ошондо гана өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев келип, маселени чечет деп күтүшүүдө. Анткени эл менен жолуккан бийлик өкүлдөрү маселени өкмөт чечерин айтышкан.

Ошондой эле, жергиликтүү тургундар кенди иштетип жаткан компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетүүсүн, өздөрү менен кошо техникаларын алып кетишин талап кылышты.

Учурда кытай компаниясынын бир дагы жумушчусу калган жок. Аларды Бишкекке, Кочкорго алып кетишти.

Солтон-Сары кенинин иштешине каршы чыккандардын пикири жана өкмөт өкүлүнүн ага жообу
Нарындыктар “Жоржи Майнинг” компаниясынын лицензиясы жокко чыгарылуусун талап кылышууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kylychisa
2019-08-06 17:51:00
Жакшы эле кылыптыр Нарындуктар кой эмес озу.
+9
Jaznura
2019-08-06 18:03:45
Албетте элдин унун биринчи угуу керек. Бирок чырдын башаты кайда жатат. АТамбаев менен кол баласы Зилалиев берген лицензияда.
-4
Bektur2011
2019-08-06 18:44:26
Jaznura, Атамбаев менен чогуу Зилалиев да жооп берсин!
-2
Dj.
2019-08-06 19:53:23
Bektur2011, Чырдын башы Атамбаев жана Зилалиевге такалган менен, этеги Сокеге келип такалууда. Маселенин чечилишин эл бугунку бийликтен талап кылууда эл. Эгер элдин талабы аткарылбаса эл толкуп которулууго даяр. Анда бут жоопкерчилик Атамбаевде эмес, Жээнбековдун мойнунда болот...
+3
Dj.
2019-08-06 19:57:02
Ылдыйда Сокенин бир кошоматчысы лицензияны кайтарып алуу кыйын деп дооруйт. Мыйзам бузуу менен берилген лицензияларды жокко чыгаруу опоной. Керек болсо пачкалап жокко чыгарса болот лицензияларды, жуздон минден кылып. Мыйзамсыз берилгенин негиз кылып туруп.
+2
altyn-kumush
2019-08-06 18:09:27
Берген оной лицензияны, бирок кайра алуу оной иш эмес. Албетте олко кызыкчылыгы, элдин кызыкчылыгы эске алынуу менен мыйзам чегинде чечуу керек койгойду
-3
Bektur2011
2019-08-06 18:45:15
Атамбаев Солтон-Сарыдан 470 млн алып алган деп жатат ал маселени да караш керек го
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан