«Баалуу кагаздар жөнүндө» мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» КРнын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Мыйзам баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөйлүк ишмердик үчүн лицензиялоо статусун кайтарууга багытталган. Алсак, баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөйлүк ишмердик үчүн лицензиялоо жана каттоо укугу мамлекетке калтырылган. Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн баштапкы этаптарында мамлекеттик лицензиялоо жана каттоо каржылык камсыздалбаган эмиссияларды жана баалуу кагаздардын ар түрдүү суррогаттарын чыгаруудан, ошондой эле каражаттарды адалдоо боюнча мыйзамсыз операциялардан коргоочу болуп кызмат кылууга чакырылган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан