Латвиянын укук коргоо органдары мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үй-бүлөсүнө кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул иш Зилалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Кыргыз мамлекетинде козголгон кылмыш ишинин алкагында козголду. Интерполдун Рига шаарындагы бюросунун маалыматы боюнча Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн эсеп ачкан. Депозиттик эсептер Жамиля, Алима, Бектур Зилалиевдердин наамына катталган. Эсептер аркылуу бир нече жолу акча которуулар болгону айтылат УКМКнын маалыматында.
Зилалиев 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдардагы түрдүү кызматтарды ээлеп, баасы анын расмий кирешесинен жогору мүлктөрдү сатып алган деп айыпталууда. Белгиленген 7 жыл ичинде ал Коргоо кеңешинин катчылыгынын катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы, вице-премьер-министр жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматтарын ээлеген.
Зилалиев 2-апрелде жасаган кайрылуусунда ага экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү сунушу түшкөнүн айткан. "Эгер ушундай көрсөтмө берсем, мен күбө катары суралып, УКМКнын тергөө абагынан бошотуларымды убадалашты" деген мурдагы вице-премьер.