Өткөн аптада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ата мекендик өндүрүштү колдоп, жергиликтүү ишкерлер чыгарган бут кийимди сатып алганын айткан. Бул окуядан кийин Алматыдагы бут кийим чыгарган фабрикалардын товарларына суроо-талап өскөнүн чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Бут кийим чыгарган фабриканын ээси Даурен Раманкул элге таанымал болду. Анткени анын фабрикасынан Касым-Жомарт Токаев 21 миң теңгеге бут кийим сатып алганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Жарнамадан кийин ата мекендик өндүрүмгө болгон суроо-талап жогорулаган.
“Бардык эле ишмердүүлүк жарнамасыз жүрбөйт. Мамлекет тарабынан жарнамалардын болуп турганы чоң мааниге ээ. Президенттин билдирүүсүнөн кийин дүкөндөрдө сатылып жаткан товарлар 3 эсеге, ал эми онлайн сатуу 5 эсеге жогорулады. Президент бут кийим сатып алгандыктан биздин товарга болгон суроо-талап жогорулап, кардарлар көп келип жатышат”, - деп билдирген ишкер.
Сапаты түрк өндүрүүчүлөрүнөн кем калбаган булгаарыдан тигилген бут кийимге айына 1000 даанадан буюртма түшөт. Жергиликтүү кардарлар бут кийимдин баасы дагы чөнтөккө туура келе турганын билдиришүүдө. Даурен Раманкул үч жылдан бери бут кийим чыгарып келет. Анын айтымында, башында бул тармакта иштей турган адамдардын жок болгону чоң маселе жараткан. Бирок ага карабай ишкер ар кайсы тигүү цехтеринде иштеген адамдарды топтоп үйрөткөн. Аны менен бирге Даурен Раманкул Казакстанда чийки заттын жоктугу азыркы учурга чейин чечилбей келе жаткан маселе экенин белгилеп өткөн.
Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бут кийим өндүрүү менен казынага чоң пайда келтирсе боло турганын айтышат. Мындан улам Казакстанда бул тармакты жакшыртуу үчүн кызуу аракеттер жүрүүдө.