УКМК: Июнь окуяларында жабыркагандарга үй куруп берген 2 фирма мамлекетке 5,7 миллион сом салык төккөн эмес

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2010-жылдагы Июнь окуяларында жабыркагандар үчүн көп кабаттуу үйлөрдү курган “Ансар Трейд” жана “Плутон Строй” ишканаларынын мамлекетке 5,7 миллион сом өлчөмүндө салык төкпөгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу 6-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Аталган фирмалар 2011-жылы 140 миллион сомго Ош, Жалал-Абад шаарларына көп кабаттуу үй тургузушкан. Текшерүүлөрдө ишканалар мамлекетке аталган суммада салык бербей калганы белгилүү болду. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан