Кечээ, 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы жүрдү. Анын жүрүшүндө атайын даярдыктагы жоокерлердин бири каза болгон.
"Каза болгон спецназ - Үсөн Ниязбеков. Мындай "операция" үчүн УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетиши керек", - деп жазды бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
Белгилүү болгондой, 7-августта саат 22:50 чамасында Бишкектеги ортопедия жана илим изилдөө борборуна атайын даярдыктагы жоокер келип түшкөн. Анын көкүрөк тушуна ок тийген. 8-августка караган түнү саат 00:40та анын каза болгону маалым болгон.