Бишкек мэри Иса Өмүркулов 6-августта өткөргөн кеңешмеде жол-курулуш иштерин өз убагында бүтүрбөгөндүгү үчүн мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилигине сөгүш жарыялады. Шаар башчы көчөлөрдү оңдоп-түзөөнү белгиленген мөөнөттө бүтүрүү тапшырмаларын берди. Айта кетсек, учурда Жайыл Батыр, Чортеков, Өгүз-Ата, Алыкулов көчөлөрү, Келечек конушунун борбордук көчөсү, Алтын-Ордо конушунун Виноградная көчөсүндөгү көпүрө оңдолууда.