7-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облусунан башка аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +19...+24°C
Талас облусунда күндүз +27...+32°C, түнкүсүн +13...+18°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +29...+34°C, түнкүсүн +19...+24°C
Баткен облусунда күндүз +29...+34°C, түнкүсүн +17...+22°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +21...+26°C, түнкүсүн +12...+17°C
Нарын облусунда күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +8...+13°C
Бишкек шаарында күндүз +30...+32°C, түнкүсүн +22...+24°C
Борбор калаада түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.