Бүгүн, 9-августта Атамбаевди кармоо операциясында көз жумган атайын даярдыктагы жоокер Үсөнбек Ниязбековдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Үсөнбек Ниязбековдун артында жубайы, 4 уулу жана 2 кызы калды.
Маркумду акыркы сапарга узатып, ага топурак салуу үчүн Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков келди.
Белгилүү болгондой, 7-августта саат 22:50 чамасында Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна спецназ келип түшкөн. Анын көкүрөк тушуна ок тийген. 8-августка караган түнү саат 00:40та ал каза болгону маалым болгон.