Алмазбек Атамбаевдун уулу Сейтек Атамбаев элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-августта социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
Буга социалдык тармактарда бир тууганы Сейитбек Атамбаевдин ИИМДе суракка алынган учурда тартылган видеосунун тарашы себеп болгон.
"Урматтуу кыргыз элим! Учурда мени эч ким, эч жакка кармап кеткен жок. Буга чейин тараган маалымат боюнча айтсам, бир тууган агам Сейитбекти суракка чакырып, кайра коё беришти. Эч кандай чагымчылдыкка алдырбаңыздар! Азыр мамлекетибизге тынчтык керек!" - дейт ал.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы жоокер каза болгон. Кечээ Атамбаев тиешелүү мекемелердин кызматкерлери тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соттун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылган болчу.