Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков 4 саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта SUPER.KG порталына өзү билдирди.
Экс-депутат Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгына бүгүн саат 15:00гө атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу боюнча суракка чакырылган болчу.
"ИИМдин Тергөө башкармалыгында 4 саат суракта отуруп тиешелүү суроолорго жооп бердим. Сурак учурунда күбө катары акыркы 2 күндөгү окуялар боюнча суроолорго жооп бердим. Дагы суракка чакырыла турганым айтылды", - деди экс-депутат.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон.