Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында анын тарапташтары менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуу орун алган. Анда эл атайын даярдыктагы бир нече жоокерлерди барымтага алып, 1 күндөн кийин коё беришкен. Чүй ОИИББи барымтага алгандардын сүрөттөрүн жарыялап, аларды табууга, жүргөн жерлерин аныктоого жардам сураган.
Расмий маалыматтан кийин барымтага алганга шектелип жаткандардын бири укук коргоо органына өзү келгенин облустук башкармалыктан кабарлады.
"41 жаштагы А.А. өз эрки менен милиция бөлүмүнө келип, түшүнүк кат жазды. Тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын даярдыктагы жоокерлерди барымтага алган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 244-берене менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, эл менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ортосунда кагылышуу орун алган. Анда 45 адам жабырланып, атайын даярдыктагы 1 жоокер каза болгон.
8-августта экс-президентти кармоо операциясы улантылып, Атамбаев кармалган.