Борбор калаада "Ала-Тоо" аянтында колуна бычак көтөрүп алып, ИИМ жана УКМКдан коркпой турганын айтып сөгүнгөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жаран 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында эл менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуу учурунда атайын даярдыктагы бир нече жоокерлерди барымтага алууга да шектелүүдө.
"Бишкек ШИИББнин кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарда тараган видеодогу жаран кармалды. Ал кечээ түндө "Ала-Тоо" аянтында колуна бычак көтөрүп алып, ИИМ жана УКМКдан коркпой турганын айтып, уят сөздөр менен сөгүнгөн 1999-жылы туулган Э.И. аттуу жаран экени аныкталды", - деп билдиришти милициядан.