Адам өлтүрүүгө шектелип жаткан 47 жаштагы А.К. Меркамедбаев кармалды. Ал бүгүн, 9-августта жашынып жүргөн жеринен колго түшүрүлгөнүн Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлады.
"Сузак районунун Жаңы-Жер айылынын 1972-жылы туулган А.К. Меркамедбаев аттуу тургунунун жашынып жүргөн жери аныкталган. Шектүү ыкчам иликтөө жана издөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунан колго түшүрүлдү", - деди басма сөз кызматынан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
27-июлда Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүнүн №182 үйүнөн жашы болжол менен 45-50 жаштагы жарандын бычакталган жансыз денеси табылган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран издөөгө алынган.