КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 10-августта эки жолу суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына маалымдады.
"Бүгүн эртең менен ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка баргам. Күбө катары тиешелүү суроолорго жооп бергенден кийин чыгып, Кой-Ташка Алмазбек Атамбаевдин дары-дармектерин алуу үчүн келгем. ИИМдин кызматкерлери Кой-Ташка келип, мени төртүнчү жолу суракка алып бара жатышат", - дейт Жолдубаева
8-августта Жолдубаева атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу боюнча Ички иштер министрлигинде күбө катары сурак берген. 9-августта ал Ички иштер министрлигине экинчи жолу сурак берүүгө чакырылып, күбө катары тиешелүү суроолорго жооп бергенин айткан.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон.