"Адилеттүүлүк үчүн" комитети: "Апрель" телеканалынын жабылышы сөз эркиндигине, көз карандысыз медиага басым катары бааланат"

"Адилеттүүлүк үчүн" комитети "Апрель" телеканалынын жабылышын сөз эркиндигине, көз карандысыз медиага басым катары бааларын билдирди.

"Кыргыз бийлигигинин эркин жана оппозициялык маанайдагы медиага болгон кысымы күчөп жатат. Кечээ күнкү "Апрель" телеканалынын жабылышы да буга далил.
Элдин эркин, маалымат алуу укугун чектөө, альтернативдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу, аларды коркутуп-үркүтүү демократиялык өнүгүү жолун тандаган мамлекеттерге жат көрүнүш болушу керек.
"Адилеттүүлүк үчүн" комитети Кыргыз бийлигин эркин жана оппозициялык прессага болгон кысымдарын токтотууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларын сактоого чакырат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Murok
2019-08-10 13:55:51
Элди куч менен коркутуу менен башкарууга алып келет мындай кадамдар
-5
Murok
2019-08-10 13:56:02
бара бара
+1
Leilek91
2019-08-10 14:09:37
Сентябрьды жапканда эмнеге унчукпадынар шиголдор
+1
PROS
2019-08-10 14:09:40
Кечке эле ашанын айланасындагы болуп жаткан болор болбос ушак айыңдын баарын жаңылык кылып жаза берипсиңер, жаза берипсиңер, жаза берипсиңер, жаза берипсиңер болбой эле жаза берипсиңер!!! Окуюн десең бир кызыгаарлык эч нерсеңер жок!!!!! Тээ он жыл илгери кыйла кызыктуу эле сайтыңар. Азыр болсо эптеп эле гезит бетин толтурмай(((((
+5
KAYRATBEK
2019-08-10 14:15:55
"" Адилетуулук учун"" комитети силерге суроо. Эмнеге Апрель каналы адилетсиз бир жактуу каралап, бир жактуу мактап адилеттуу болбой жатканда башынарды кумга катып жаттынар? Апрель каналынын жабылышына силердин да салымынар бар.Себеби силер эскертпединер! Бир жолу койгула адалеттуу болгула бир жактуу каралабагыла деп адилеттуулукту талашып койбодунар. Качан жабылганда эми адилеттуулук издеп калдынарбы? Атынар эле адилетуулук болбосо затынар эбак эле асынып олуп алган.
+6
toktor89
2019-08-10 14:29:32
Эн жек коргон твым апрел.
Силердин жоюлуп кетишинерди талап кыламын!
Сентябрь теле каналын алып келгиле.
+3
nemo2016
2019-08-10 15:39:51
Ырас эле болуптур жабылганы элге пайдасы жок беруулор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан