Бүгүн, 10-августта (Бишкек убактысы боюнча 11-август) Уругвайдын борбору Монтевидео шаарында UFC Fight Night 156 турнири өтөт. Турнирде UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко жана америкалык Лиз Кармуштун беттеши иш-чаранын башкы кармашы боло турганы күтүлүүдө.
Мелдеште Валентина Шевченко эң жеңил салмактагы чемпиондук курун коргойт.
Валентина Шевченко менен Лиз Кармуш 2010-жылы C3 Fights турниринде беттешип, америкалык мушкер техникалык нокаут менен үчүнчү раундда жеңишке жетишкен. Бул Шевченконун мөөнөтүнөн мурда биринчи утулушу болгон.