7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында күч органдары менен анын тарапкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алган. Анда бир нече адам жаракат алган. Алардын арасында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов дагы болгон.
Дарыгерлер Самат Курманкуловдун баш сөөгүнүн бир бөлүгү майдаланып кеткенин айткан. Ага эки ирет операция жасалган, бирок абалы оор бойдон калууда.
"Бүгүн, 10-августта Бишкектеги травматология жана илим изилдөө борборунда атайын консилиум (бир же түрдүү багыттагы окумуштуулардын, профессорлордун жыйыны) өттү. Ага профессорлор, медицина илимдеринин докторлору, Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси Буранбек Дүйшеев, Травматология жана илим изилдөө борборунун профессору Сабырбек Жумабеков, Советбек Сатиев, анестезиолог Айна Молдоташева жана медицина илимдеринин доктору Нурлан Оморов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы анестезиологу Гүлжан Жүзүмалиева, министрдин орун басары Мадамин Каратаев катышты.
Мындан тышкары, Орусиянын илимдер академиясынын академиги, Н. Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун директору Александр Потапов менен онлайн-жыйын болду. Александр Потапов Самат Курманкуловду дарылоо тактикасы туура жүргүзүлүп жатканын айтты. Жыйындын аягында Н. Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун адистери Бишкекке келип, Курманкуловго медициналык кароо жүргүзүп, дарылануусуна жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды", - деп билдирет маалымат кызматынан.
Консилиумга президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дагы катышкан.