Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында орун алган башаламандыкта кармалгандардын ичинен 5 адамдын баш коргоо чарасы каралып, алар 2 айга камакка алынды. Мындай чечим бүгүн, 10-августта Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.
9-августта Бишкектеги борбордук аянтта башаламандыктын катышуучулары кармалып, аларга "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши ачылган.
Соттун чечимине ылайык, кармалгандар 9-октябрга чейин СИЗОдо болот.
Бишкектеги башаламандыкта жалпысынан 40 адам кармалган.