Бүгүн, 11-августта Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду. Анда имамдар наасат окуду. Андан кийин муфтий Максатбек Токтомушев, спикер Дастанбек Жумабеков, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов куттуктоо сөздөрүн айтышты.
"Бүгүн жакшы каалоо-тилектер айтыла турган, сооп иштер жасала турган күн. Курман айт ар бириңиздерге ден соолук, бакыт жана үй-бүлөңүздөргө тынчтык алып келсин" деди мэр Суракматов.
Айт намазга шаар тургундары жана меймандары келишти.