Бүгүн, 11-августта президент Сооронбай Жээнбеков жалпы мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
"Урматтуу мекендештерим! Кадырлуу мусулман туугандарым! Ар бириңиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Бүгүн Алла Таала өз пенделерине ыроологон эң улуу күндөрдүн бири. Ушул күнү жер жүзүндөгү бир жарым миллиардга жакын адам жан дүйнөсүн тазалап, Жаратканга жакын болууга умтулат. Дүйнөдө бир дагы майрам мынча көп кишинин асыл оюн, аруу тилегин, жаркын максатын бириктире албайт. Курман айт майрамы - жалпы пенделерди ынтымак менен биримдикке чакырган улуу майрам.
Жараткан кыргыз элине тынчтык жана ынтымак берсин. Ар бир үйгө кут, береке, ырыскы толсун. Тилеген тилектерибиз, асыл максаттарыбыз орундалып, Жараткан бүгүнкү курмандыктарды кабыл кылсын. Ажылык парзын аткарып жүргөн мекендештерибиздин аруу тилектери кабыл болсун. Коомубуздун ынтымагы бекем, ыйманы таза болуп, кыргыз элин жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн.
Ар дайым элибизде биримдик, жерибизде тынчтык, мамлекетибизде өнүгүү болсун! Айтыңыздар маарек болсун!" - деп жазылат куттуктоо сөзүндө.