Бүгүн, 11-августта Ош шаарындагы мечиттерде Курман Айт намазы окулду. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов борбордук “Сулайман-Тоо” мечитинде айт намазын окуп, шаардыктарды куттуктады.
“Курман айт жакшылыктын, ынтымактын, достуктун майрамы. Дайым өлкөбүздө, шаарыбызда жакшылыктар болсун. Ар бир үй-бүлөдө тынчтык болуп, ынтымак болсун. Мусулмандардын ыйык Курман айт майрамында муктаждарга жардам көрсөтүлүп, үлгү алчу иштер жасалып келет. Биз муктаждарга ар дайым жардам колун сунушубуз керек. Майрамыңыздар менен”, - деди мэр.
Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов да шаардыктарды куттуктап, мечит имамдары элди ынтымак жана кайрымдуулукка чакырды.
“Сулайман-Тоо” мечитинде 10 миңге жакын адам намаз окуду.