Интернетте УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн, 11-августта кармалды деген маалыматтар тарады. Бирок SUPER.KG`ге өздүк булактар билдиргендей, Абдил Сегизбаев кармалган жок, ал 13-августка суракка чакыртылды.
Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "массалык башаламандык уюштуруу", "бейбаштык", "адам өлтүрүү", "адам өмүрүнө кол салуу" жана "барымтага алуу" беренелери боюнча ачылган кылмыш ишине карата суракка чакыртылып жатканын маалымдаган.
10-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынды. Ал "барымтага алуу" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда. Мындан тышкары, Алга Кылычов жана Кыяз Смалиев 2 айга камакка алынды. 11-августта "Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытованы жана анын жолдошу Фархад Борукеевди УКМК кызматкерлери үйүнөн алып кетишти.
Абдил Сегизбаев 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында эл менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда чыккан кагылышууда жаракат алган.