Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкуловго операция жасоо талап кылынбай турганын Орусиядан келген адистер айтышты. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
"11-августта Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда Н.Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун адистери менен аталган оорукананын дарыгерлери консилиум өткөрдү. Орусиялык дарыгерлер Самат Курманкуловго медициналык кароо жүргүзүп, операция жасоо талап кылынбай турганын, аны терапия жолу менен дарылоого мүмкүн экенин айтышты.
Консилиумдун жүрүшүндө Самат Курманкуловдун дарылануусун Москвадагы Н.Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда улантуу чечими кабыл алынды. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, аны Москвага алып кетүүнүн жолдору каралууда", - деп жазылат маалыматта.
7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында күч органдары менен анын тарапкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алган. Анда бир нече адам жаракат алган. Алардын арасында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов дагы болгон.
Дарыгерлер Самат Курманкуловдун баш сөөгүнүн бир бөлүгү майдаланып кеткенин айткан.