УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев күбө катары суракка чакыртылды

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев күбө катары суракка чакыртылды. Ал эртең саат 10:00гө ИИМдин Тергөө башкармалыгына барышы керек.

Айта кетсек, буга чейин Сегизбаев "кармалды" деген кеп тарап, бирок кийин ал сөз чындыкка дал келбей турганы айтылган болчу. Абдил Сегизбаев 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында эл менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда чыккан кагылышууда жаракат алган.

Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "массалык башаламандык уюштуруу", "ээнбаштык", "адам өлтүрүү", "адам өмүрүнө кол салуу" жана "барымтага алуу" беренелери боюнча ачылган кылмыш ишине карата суракка чакыртылып жатканын маалымдаган. 10-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынды. Ал "барымтага алуу" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда. Мындан тышкары, Алга Кылычов жана Кыяз Смалиев 2 айга камакка алынды.
11-августта "Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытованы жана анын жолдошу Фархад Борукеевди УКМКнын кызматкерлери үйүнөн алып кетишкен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан