Жалал-Абад. №2094-шайлоо участкасынын комиссия мүчөсү: "Шаардын келечегине күйгөн атуулдардын аз эмес экендиги кубантат"

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын Барпы Алыкулов атындагы драма театрынан элдин аягы үзүлгөн жок. Дале болсо атуулдук милдеттерин аткарууга ашыгып келе жаткан адамдарга көз урунат. №2094-шайлоо участкасындагы шайлоого байкоочулук милдетти аркалап жаткан комиссия мүчөсү Канымгүл Ташиеванын айтуусунда, өзгөчө мыйзам бузуу фактылары катталган жок. "Мени кубантканы - шаардын келечегине салкын көз карашта болбогон атуулдардын аз эмес экендиги. Эртең мененки саат 8:00дөн тарта шайлоочулар келип өз добушун берип кетип жатышат. Бүгүн саат 19:00гө чейин дагы далай атуулдарыбыз атуулдук милдетин аткарып кетишет деп ойлойм",- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан