КҮНСОБОЛ: Бийликтин башкы оппоненти болгон Алмазбек Атамбаев кармалды. Эми өлкөнү өнүктүрүү үчүн бийликке каршы тоскоолдук калдыбы? Равшан Жээнбеков: "Өлкөдө экономика, социалдык абал, тышкы саясат оор абалда турат"

8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 26-августка чейин камакта калтырылды. Атамбаев Жазык кодексинин “кылмышка кошо катышуу” жана “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.

SUPER.KG порталы "Бийликтин башкы оппоненти болгон Алмазбек Атамбаев кармалды. Эми өлкөнү өнүктүрүү үчүн бийликке каршы тоскоолдук калдыбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков билдиргендей, Атамбаевдин саясий аренадан убактылуу кеткени кандайдыр бир деңгээлде бийликке реформаларды, өзгөрүүлөрдү жасоого шарт түзүшү мүмкүн.

"Бүгүнкү күндө өлкөдө экономикабыз, социалдык абалыбыз, тышкы саясатыбыз оор абалда турат. Эгерде мурдагыдай эле 2 жыл бою маанилүү реформалар жүрбөсө, саясий систем өзгөрбөсө, анда биздин экономикабыз, саясатыбыз, жалпы мамлекеттин абалы өзүнөн-өзү өзгөрүп, жакшы болуп кетпейт. Ошондуктан Атамбаев барбы же жокпу, жалпысынан мамлекет үчүн ал көп деле маанилүү эмес. Бийлик баары бир экономикалык программаларды ишке ашырууга, саясий реформаларды жасоого мажбур болот. Эгерде бийлик ушул учурдан пайдаланып, кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасаганга аракет кыла турган болсо, Атамбаевдин саясий аренадан убактылуу кеткени кандайдыр бир деңгээлде бийликке реформаларды жасоого шарт түзүшү мүмкүн", - дейт Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан