Түрмөдө жатып президенттик аппараттын атынан Жогорку Кеңештин депутаттарына, КСДПнын маалымат катчысына, министрликтин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө телефон чалган кылмышкер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. "Жазаларды аткаруунун №1 мекемесинде алдамчылык менен соттолуп, жазасын өтөп жаткан 32 жаштагы Т.К. өзү менен кошо алдамчылык менен соттолуп, жазасын өтөп жаткан 37 жаштагы Т.И.нин телефонун алып, ошол телефон менен президенттик аппараттын өзгөчө жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып коомубузда болуп жаткан көрүнүштөргө карата алдамчылык менен ар кандай жалган маалыматтарды тараткандыгы аныкталды.
Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө Т.К. түшүнүк берип, анда кимдерге чалгандыгын, алардын аты-жөнүн толук жазып берди. Тактап айтканда, Т.К. Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодурановага президенттик аппараттын жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып, камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну уюштуруп берүү тууралуу убада берген. Ошондой эле КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаевага да телефон чалып, 7-8-августтагы окуялар боюнча толук маалымат алып турган", - деп жазылат маалыматта.