UFC'нин 2 жолку жеңил салмак категориясынын чемпиону Генри Сехудо дагы бир жолу Валентина Шевченкого чакырык таштады. Генри Сехудо кайрылуусун социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
“Менин телефонум билдирүүлөрдөн жарылып кетейин деп жатат. Дүйнө жүзү Валентина Шевченкону атаандашына эң күчтүү үстөмдүк кылган чемпион катары сыпатташууда. Мен бул сөздөргө чынында кызганып жатам. Анын алтын куру бар, ал алтын курду мен дагы каалайм. Валентина Шевченко, менин сага кайрылуум бар. Мен дүйнөдөгү биринчи чемпион болууга бардык аракетимди жумшап жатам. Сени мелдешке чакырам, "Triple C'ге" тизе бүккөн кийинки адам сен болосуң”, - деген Сехудо Шевченкого багытталган кайрылуусунда.
Буга чейин дагы спортчу Шевченкого чакырык таштаган. Анда Валентина Шевченко өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу анын алтын байгеси Glock 19 менен корголгонун айтып, Сехудого жооп берген. Мындан сырткары, Сехудо өз интервьюларында UFC'нин жеңил салмак боюнча чемпиону Аманда Нуньес менен дагы күрөшүү ниети бар экенин айтып келет.
Жакында эле Валентина Шевченко жеңил салмактагы категория менен өзүнүн титулун америкалык Лиз Кармушту жеңип, экинчи ирет коргоп калды. Жеңиштен кийин ал "мен бардыгын ушул жерден күтөм. Нуньеспи же башкасыбы, беттешүүгө даярмын" деген сөзүн айткан.