Чоң-Алай районундагы Түндүк-Кымыздык мөңгүсүнөн орусиялык аял бутун сындырып алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-август күнү Чоң-Алай районундагы Түндүк-Кымыздык мөңгүсүнө Орусиядан келген туристтер эс алганы барышкан. Анда 1988-жылы туулган аял киши бутун сындырып алган. Алар куткаруучулардан жардам сурап кайрылган.
Бүгүн, 12-августка караган түнү саат 1:00дө жабыркаган аялды Дароот-Коргон айылына алып келишти. Эртең мененки саат 10:00 чамасында кайра Ош шаарын көздөй жолго чыгышты.