Бильярд клубунда, мончо, сауна, сулуулук салону, унаа жуучу жайларда, акча алмаштыруу бюролорунда жана стоматологияда кызмат көрсөткөн бир катар субъекттердин салык мыйзамын бузгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кызмат Бишкек шаарында 3 күндүк рейд өткөргөн. "68 субъект текшерүүгө алынып, анын 19унда 250 миң 800 сомго ар кандай бузуулар аныкталган. Анын ичинде милдеттүү патент жок, ошондой эле милдеттүү патенттөөгө тийиш болгон ишкерлик чөйрөсүндө эмгектенген 49 жалданма кызматкерлердин патенти жок. Ушул сыяктуу рейддик иш-чаралар жалпы республика боюнча туруктуу негизде жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.