Ош облусунун аймагында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Өзгөн районунун Ничке-Сай, Зергер, Тосой айылдарында 5 балл, Салам-Алик айылында 4,5 балл, Ош шаарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 4 баллга чейин сезилген.
"Алдын ала берилген маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес", - деп айтылат маалыматта.