Бишкектеги жолдорду оңдоп-түзөө иштеринен улам 2 линиядагы троллейбустун каттамы өзгөрүп, дагы 2 троллейбустун каттамы убактылуу токтотулат. Мындай маалыматты Бишкек троллейбус башкармалыгы билдирди.
"14-августтан баштап Москва көчөсүнүн Манас кең көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү жабылат. №9, №10 номерлүү троллейбустарынын каттамы убактылуу токтотулат. Ал эми №4 жана №8 номерлүү троллейбустар Киев жана Бейшеналиева көчөлөрү аркылуу каттайт", - деп жазылат маалыматта.