Азиз Батукаевди жазадан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адамга айып тагылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта маалымат жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
"Азиз Батукаевди жазадан мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө жандандырылып, бүгүнкү күнгө чейин 19 адамга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелери менен айып тагылып, тергөө амалдары улантылууда.
27-июнда Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген макамы алынган соң, ал 3 жолу суракка күбө катары чакырылган. Тилекке каршы, Атамбаев күчүндө иштеп жаткан мыйзамдарды аткаруудан баш тартып, көрсөтмө берүүдөн да баш тарткан. 1-августта тергөө тобунун жетекчиси тарабынан Атамбаевди тергөө башкармалыгына алып келүү боюнча токтом кабыл алынган. Ал токтомду аткаруу максатында тиешелүү мекемелердин кызматкерлери Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барышкан. Кызматкерлер Кой-Таштагы үйүнө барган учурда аларга тоскоолдуктар жана каршылык көрсөтүлгөн", - деди Жамшитов.