Алмазбек Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта маалымат жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
"Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаевге тиешелүү 120 мүлкү камакка алынды. Ар бир кылмыш иши боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынып, өч алуу максатында же бирөөнү кылмыштуу куугунтукка тартууга жол берилбестикке катуу талап коюлду. 7-8-августта Атамбаевдин тегерегинде козголгон кылмыш иштери президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө.
Тергөөнү ар тараптуу жүргүзүү үчүн 7-8-августта Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Назгүл Мамытова, Дмитрий Ложников, Кундуз Жолдубаева, Мирбек Айтикеев бул күндөрү ошол жерде болгондуктан күбө катары суракка алынууда. Мындан сырткары, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн башка адамдар да суракка алынат", - деди Жамшитов.