Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын кадырлуу мусулмандары!
Бардыгыңыздарды ыйык айт майрамыңыздар менен куттуктайм!
Айт маарек болсун! Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун!
Орозо тутуу – бул тазаланууга, кең пейилдикке, кечиримдүүлүккө жана боорукерликке умтулууну билдирет. Миңдеген жылдар бою Орозо айында элибиз келечекке ниет кылып, Жараткандан жерибиздеги тынчтыкты, элибиздеги ынтымакты тилек кылган.
Ылайым тилектердин бардыгы кабыл болсун!
Жараткан жерибизге ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин! Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч алып келсин! Айтыңар маарек болсун!”