Борбор калаада 8-августта пландалган башаламандыкты уюштурууга айрым азыркы жана мурунку депутаттардын да тиешеси бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта маалымат жыйынында ИИМ министри Кашкар Жунушалиев билдирди.
"Бишкекте 8-августта пландалган башаламандыкты уюштурууга Жогорку Кеңештин мурунку жана айрым азыркы депутаттарынын тиешеси бар. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Бизде "Форумдун" алдына чогулгандар бийликти мыйзамсыз басып алууга барат" деген маалымат бар болчу.
Атамбаев кармалгандан кийин аянтта 1500дөй адам чогулду, арасында мурда соттолгондор да бар болчу. Алар тарабынан бийликти басып алуу максатында ар кандай чагымчылдык аракеттер жасалды. Мындан сырткары, чогулгандар борбордо башаламандык кылып, талап-тоноочулукту да пландашкан", - деди министр.