"Алмазбек Атамбаев намаз окуйт, курал колдонбойт деген ишеним бар болчу" деп бүгүн, 13-августта маалымат жыйынында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди.
"Атамбаев "намаз окуйм" деп өзү айтып жүргөн, мындан улам ал жөнөкөй адамдарды өлтүргөнгө барбайт деген ишеним бар болчу. Атамбаевди кармоо операциясында көз жумган спецназ Үсөнбек Ниязбековду атайын эле өлтүрүшкөн. Себеби ок жилетти тешип жүрөгүнө тийип, ал дароо эле каза болгон. Эмнеге аны коркутуп бутка же денесинин башка бөлүгүнө аткан жок? Алар аны өлтүрүүнү көздөгөнү үчүн жүрөк тушуна атып жатат.
Үсөнбек Ниязбековду мамлекеттик "Эрдик" наамына көрсөтөм. Анын үй-бүлөсүн көңүл сыртында калтырбайбыз, бул биздин карыз. Ниязбековдун үй-бүлөсүнө анын айлык акысы 200 эсе өлчөмдө төлөнүп берилет", - деди Опумбаев.