УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМге күбө катары суракка чакырылганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-августта журналисттерге билдирди.
"11-августта Айт намаз бүткөндөн кийин ИИМдин кызматкерлери келип, мени 13-августта саат 15:00гө суракка чакырышты. Менин түшүнүгүмө караганда 7-8-августтагы окуя боюнча күбө катары чакырылдым.
Бүгүн УКМКнын төрагасынын маалымат жыйынын көрдүм. Ал адамдын бир да сөзүнө ишенүү мүмкүн эмес экендигин түшүндүм. Болгон нерсени жок деп айтып жатат. Ал жерде эч ким качкан эмес.
Ошол күнү мен айылда болчумун. Ок атылып башталганда эл менен кошо Атамбаевдин резиденциясына барганбыз. Барсак, ал жерде турган балдарды көздөй ок атылып, балдар тарабынан таш ыргытылып жатыптыр. Спецназга атпагыла деп айттым. Ошол учурда бут жакка ок тийип, жаракат алдым. "Качып баратат, жаракат алган жок" деген сөз жалган. Жаракат боюнча ушунчалык маанилүү болсо экспертизадан өткөнгө даярмын", - деди Сегизбаев.