Нарын мамлекеттик коругунда “Бугу, маралдарды коргоо” долбоору ишке ашууда. Бул тууралуу аталган коруктун илимий кызматкери Улан Нааматбеков билдирди. Долбоордун алкагында Нарын районунун Таш-Башат айылынын 10 тургуну кызматка алынды жана “Ийри-Суу бугу-марал” питомнигине экологиялык көмөкчү чарба уюштурулду. Мындан сырткары кызматкерлерге 72 даана атайын кийимдер алынып берилди. Алдыда коруктагы жаныбарлар, өсүмдүктөр жана курт-кумурскалар тууралуу 3 китеп жазуу пландаштырылууда. Нааматбековдун айтымында, корукта жалпы 44,2 миң долларлык иштер жасалат. Коруктан аянты 91054 гектар, учурда ал жерде 25 бугу, марал бар.