Келечекте стоматологдор жумушсуз калышы мүмкүн. Окумуштуулар түшүп калган тиштин ордуна жаңы тишти кантип өстүрүүгө болорун аныкташты. "Медицинада укмуштуу ачылыш" деп коштолгон маалыматтар дүйнөлүк ЖМКларга жарыяланды.
Британиялык окумуштуулар тиштин ткандарын табигый жол менен калыбына келтирүү жолдорун иштеп чыгып жатышат. Алардын айтымына караганда, атайын даярдалган белок чоң адамдардын түшүп калган тиштеринин ордуна жаңысын өстүрүүгө жардам берет.
Адамдын тиштеринин өсүшү кичинекей кезинде эле токтойт, ал эми көпчүлүк жаныбарларда бул процесс өмүр бою улана берет. Муну окумуштуулар өсүүнүн негизинде бир канча сөңгөкчө клеткалары катышкандыгы, ал бардык клеткаларды өндүрүүгө жөндөмдүү болгондугу менен түшүндүрүшкөн. Мындай клеткалар адамдарда да бар, бирок ал клеткалар түшүп калган тиштин ордун калыбына келтирүү же жаңы тиш өсүп чыгуу учурунда процесске катышпайт. Гарвард университетинин биологдору 4 жыл мурун лазердик импульстардын жардамында кантип сөңгөкчө клеткаларын активдештирүүгө болорун ойлоп чыгышкан.
Азырынча эксперимент келемиштерге гана жүргүзүлүп жатат. Аны менен катар окумуштуулар сөңгөкчө клеткаларын активдештирүүдөн же "ойготуудан" адам залака тартабы же жокпу, ошол жагын изилдеп жатышат.
Изилдөөчүлөр жакынкы келечекте регенеративдик медицинада дарылануучулардын жашоосун радикалдуу түрдө өзгөртө турганын баса белгилешти. Окумуштуулардын пикирине караганда, бул тажрыйба тиштерди толук түрдө жасап чыгуу технологиясында чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.