Бүгүн, 13-августта Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова Ички иштер министрлигине экинчи ирет суракка чакыртылды.
Белгилүү болгондой, ал бүгүн саат 15:00гө суракка чакырылган. Депутат айым 9-август күнү да депутат Ирина Карамушкина менен суракка чакыртылып, 6 саатка созулган сурактан кийин коё берилген болчу.
Мындан сырткары, бүгүн 7-8-августтагы окуялар боюнча ИИМге суракка УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев да чакырылган. Ал саат 15:00гө жакын ИИМге келип, журналисттердин суроолоруна жооп берген соң суракка кирип кетти.