Кой-Таштын тургундарына карата коркутуулар болуп жатабы? Ички иштер министрлигинин жообу

Укук коргоочу Рита Карасартова социалдык тармактагы баракчасына Кой-Таш айылынын тургуну кайрылганын, ал үйүнө бара албай жатканын жазып чыкты.

Анда кайрылган аял тергөөчүлөр Кой-Таш айылында жүргөнүн, алар алдынан кезиктиргендерди кармап алып, суракка алып, 2 миң доллар акча талап кылып жатышканын айткан. Эгер тургундар баш тартса тергөөчүлөр массалык башаламандыкка тиешеси бар деген айып тагарын айтышыптыр.

Ошондой эле билдирүүдө жергиликтүү ооруканага жаракат алып кайрылгандар болсо СИЗОго алып кетип жатышкандыктан, жабырлануучулар дарыканага кайрылбастан өз алдынча дарыланып жатышканы жазылган. Аталган айылдын жашоочулары милиция бөлүмүн өрттөө, банктарды тоноо жана башка кылмыш иштерин жасаган деп издөөгө алынганын Кой-Таштын тургуну билдирген.

Жогоруда айтылгандар чындыкка дал келбей турганын Ички иштер министрлигинен маалымдады.

"ИИМ 7-8-августтагы окуя боюнча тергөө иштери калыс жана мыйзамдын негизинде жүргүзүлөрүн маалымдайт. Учурда ички иштер органдары тарабынан бардык тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп, маалымат агенттиктерине, массалык маалымат каражаттарына жарыяланган фото жана видеоматериалдар текшерилип жатат.

Мыйзам бузуулар боюнча ачылган кылмыш ишинин иликтениши ар тараптуу жана калыс жүргүзүлөрүн баса белгилеп айтабыз. Ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзам чегинде гана иш алып барышат. Эч кандай опузалоо, коркутуу болбойт. Эгер укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо жарандар ИИМге же прокуратурага арыз менен кайрылса болот", - дейт маалымат кызматынан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nabievich
2019-08-13 17:26:19
ГЕЙ парад уюштурган Рита бул жактанда акча иштегиси келген го озу
+1
tular
2019-08-13 19:07:06
Чындыгында ушундай болуп жатат! Журналисттер келсе элдер айтып бергенге даяр экен!!! 2000 долларды УКМКнын кызматкерлери штраф деп коркутуп жатышыптыр...
+1
Chungyz
2019-08-13 19:55:07
Лотерея болуп жатат окшойт
0
Aikaaaa
2019-08-13 23:40:04
Бул бийликтен баарын күтсө болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан