Бүгүн Ички иштер министри, УКМКнын төрагасы жана башкы прокурор маалымат жыйын берди. Жыйында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Алмазбек Атамбаев эки жолку сүйлөшүүдөн кийин колго түшкөнүн жана Кой-Ташта орун алган окуя тууралуу айтып беришти.
SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча күч органдарынын ишинде кайсы аракеттер туура, кайсынысы туура эмес болду?" деген собол салды.
УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов баары мыйзам талаасында болууга тийиш деген пикирде.
"Күч органдары болгон аракеттеринин баарын жасады. Иш козголду, анын жыйынтыгы менен гана кандайдыр бир баа берип, пикир айтууга болот.
Атамбаевдин тарапташтарынын суракка чакырылышы азыркы козголуп, тергелип жаткан иштерге байланыштуу болууда. Атамбаевдин айрым тарапташтарынын камалышы боюнча сот чечиши керек. Камалсын же камалбасын деген чечимди сот чыгарып жатат.
Мурун камайбы же камабайбы прокурор чеччү, азыркы жаңы мыйзамдарга ылайык, баары сотко байланып калган. Атамбаевдин тарапташтары кайсы бир чечимге макул болушпаса, "туура эмес" десе сотко кайрылышы керек. Эгер ал чечим эч кимди канаттандырбаса андан аркы даттануулар башталат. Баары юридикалык мыйзам менен жасалууга тийиш.
Мыйзам тергөөчүлөргө жол берсе, алар аны менен пайдаланышат. Ал эми мыйзам жол бербесе, баары мыйзам чегинде болууга тийиш. Такыр болбосо бизде акыйкатчы, укук коргоочулар бар. Негизи бардык маселе мыйзам талаасында чечилүүгө тийиш. Учурда башаламандыкты токтотуу керек", - деди Мамытканов.