Бүгүн, 13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулду. Буга улай эле Ички иштер министрлиги Асановдун эмне үчүн кызматынан бошотулгандыгы тууралуу кенен маалымат таратты. Анда бир кызыктуу жагдай көңүлдү бурат.
Ички иштер министрлигинин башчысы Кашкар Жунушалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Асанов аралашканын жазган. Ал эми Алмазбек Атамбаев колго түшүрүлгөн учурунан таратылган видеолордо сүйлөшүүнү Курсан Асанов менен жүргүзгөн. Ал учурда тартылган видеолорду бул шилтемеден толук көрө аласыз. Кийин 3-кабаттан түшүп келе жатканда Атамбаевдин "Кашкар дагы келиптир" деп учурашканын угууга болот. Жөн гана учурашып койбой, мурдагы президент министрдин ошол жерде жүргөнүнө таң калгандай болгон.
Мындан улам Ички иштер министрлиги тараткан маалымат чындыкка коошпой калды.